Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Жаратылыш ресурстар министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан унаалардан чыккан түтүнгө текшерүү жүргүзүлүп, 15 кичи автобус жана 10 оор жүк ташуучу текшерилген. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Инспекторлор атайын жабдуулардын жардамы менен унаа каражаттарынын түтүктөрүндөгү зыяндуу заттардын концентрациясын өлчөштү.
Унаалары белгиленген ченемден ашып кеткен айдоочулар жоопко тартылды. КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 234-беренесине ылайык, айып пулдар жеке жактар үчүн 7 500 сом жана юридикалык жактар үчүн 23 000 сомду түзөт.
Жаратылыш министрлиги айдоочуларга абанын сапатын жакшыртуу жана жазалардын алдын алуу үчүн үзгүлтүксүз техникалык кароонун жана экологиялык эрежелерди сактоонун маанилүүлүгүн эскертет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
