Экологияны коргоо: Муниципалдык инспекция тартип бузгандарга 228 000 сом айып салды – ИА Караван Инфо
Экологияны коргоо: Муниципалдык инспекция тартип бузгандарга 228 000 сом айып салды

Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясы борбор калаадагы күнүмдүк рейддердин жүрүшүндө экологияны бузгандарды аныктап жатат.

Январь айында атмосфералык абаны коргоо боюнча жалпысынан 16 иш-чара өткөрүлүп, 117 чарба жүргүзүүчү субъект, мончолор, сауна, анын ичинде техникалык тейлөө станциялары текшерилди.

Иштетилген машина майын, өндүрүштүк (ЛДСП), тигүү жана турмуштук калдыктарды өрттөө фактылары катталган.

Жеке жана юридикалык жактарга карата жалпы суммасы 228 000 сомго 18 протокол түзүлдү.

Ошондой эле профилактикалык иш жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө көмүр менен отунду пайдалануу эрежелерин түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын көрктөндүрүү эрежелеринде тигүү өнөр жайынын пластмассадан, каучуктан, оргстектен жасалган буюмдарын (бутылка, банкалар ж.б.), желим  (автомобиль дөңгөлөктөрү, камералар ж.б.), лак-боёк материалдарын жана башкаларды өрттөөгө тыюу салынгандыгы жазылган.

Урматтуу шаар тургундары! Эгерде сиз мындай мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, сураныч, фото жана видео материалдарды Муниципалдык инспекциянын номерине жөнөтүңүз: 0990 75 73 71 (WhatsApp).

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: