Элдик курултай: Кара-Балтадагы көйгөйлөр – ыш, мектеп жана жол чырак - ИА Караван Инфо
Элдик курултай: Кара-Балтадагы көйгөйлөр – ыш, мектеп жана жол чырак

Бишкекте бүгүн, 20-декабрда үчүнчү Элдик курултай өтүп жатат. Анда Кара-Балта шаарынан келген делегат Дыйканбай Абдиев шаарга тийиштүү бир катар маселелерди көтөрдү. 

– Кара-Балта шаарына акыркы жылдары мамлекет тарабынан жакшы көңүл бурулуп жатат. Шаарды өнүктүрүү иштерине 1 миллиард сом бөлүнүп берилди. Бул үчүн өлкө жетекчилигине шаардыктардын атынан ыраазычылык билдирем. 

Учурда шаарыбызда көп иштер аткарылып жатат. Орнотулганына 60-70 жыл болуп кеткен түтүктөр алмаштырылууда. 

Шаарга кире бериште жол чырак жок. 30 жыл мурда талкаланган, ошондон бери калыбына келтириле элек. Кара-Балта Бишкекке жанаша жайгашкан, маанилүүлүгү жагынан андан кем калбаган шаар. Транспорт министрлиги беш күндүн ичинде жол чырак орнотуп берет деп ишенебиз, – деди. 

Ошондой эле делегат шаардагы №1 мектеп 700 окуучуга ылайыкталганы менен учурда 2100 бала окуп жатканын, ошондон улам бул билим уясы эмей эле, бөдөнөлөрдүн уясына айланып кеткенин, көп бала батышпай отурган чакта, жарытылуу билим алууга болбой турганын белгиледи. 

Андан сыртка өлкө жетекчилигин шаардын экологиясына көңүл бурууга чакырып, айрыкча, кыш мезгилинде темир ээриткен, галош чыгарган цехтерге кошулуп, жергиликтүү калк көмүр жаккандан чыккан түтүн айлананы каптап калганын билдирди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: