Эмгек министри 2023-жылы төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды - ИА Караван Инфо
Эмгек министри 2023-жылы төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө барды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров 2023-жылы үч кыз, бир уул болуп төрөлгөн төрт эмдин үй-бүлөсүнө барды.

Жолугушуу учурунда министр жаш үй-бүлөгө чын жүрөктөн куттуктоолорун жана колдоо сөздөрүн билдирди. Ал төрт эмдин төрөлүшү кубанычтуу жана сейрек кездешүүчү окуя экенин баса белгиледи.

2023-жылы үй-бүлө төрт бала үчүн ар бири 50 миң сомдон, жалпысы 200 миң сом өлчөмүндө “балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн алышкан.

Жолугушуу учурунда үй-бүлөнүн башчысы министрден турак жай маселесин чечүүгө жана жумуш менен камсыздоого көмөк көрсөтүүнү суранды.

Равшанбек Сабиров министрлик көп балалуу үй-бүлөлөрдү колдоону уланта турганын айтты. Жолугушуунун жыйынтыгында министр бул суроону изилдөө үчүн тиешелүү органдарга жеткирээрин белгиледи. Ал эми Эмгек министрлиги тарабынан үй-бүлөнүн башчысын жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшөөрүн айтып, алардын материалдык абалын жакшыртууга жана туруктуу киреше табууга шарт түзөрүн билдирди.

Министр белгилегендей, балалуу үй-бүлөлөрдү колдоо, үй- бүлө институтун бекемдөөгө жана өлкөдөгү ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Маалымат үчүн. 2024-жылдын 1-декабрына карата 130,7 жаңы төрөлгөн ымыркайга республикалык бюджеттен жалпы суммасы 524,4 млн сом өлчөмүндө бир жолку «балага сүйүнчү»төлөмү, анын ичинен 42 үч эмге 2,1 млн сом берилди.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: