Эмгек министрлиги жеке ишкерлер кайсы тармактарда ийгиликтүү бизнес ачып жатканын айтып берди - ИА Караван Инфо
Эмгек министрлиги жеке ишкерлер кайсы тармактарда ийгиликтүү бизнес ачып жатканын айтып берди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги “Социалдык контракт” программасынын катышуучулары бизнес-долбоорлор үчүн кайсы багыттарды тандап алышарын айтып берди.

– 69,6% айыл чарба тармагында (мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүүчүлүк, балчылык, күнөскана, канаттуулар чарбасы);

– 13,1% – кайра иштетүү өнөр жайы (тигүү, темир-бетон буюмдарын жана терезелерди чыгаруу, самын жасоо, кургатылган жемиштерди чыгаруу, эмерек цехи жана майдалагыч);

– 7,0% – соода (чакан соода, дарыкана);

– 6,8% – кызматтарды көрсөтүү (коомдук тамактануу кызматтары жана таксилер, курулуш, монтаждоо жана турмуш-тиричилик кызматтары, кондитердик өндүрүш, IT, сулуулук салондору, автодиагностикалык борборлор, массаж).

Кыргызстанда үч жылда 32 миңден ашуун үй-бүлө социалдык контракт түздү.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: