
Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон 7-ноябрда АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трампка куттуктоо телеграммасын жөнөттү:
“Улуу Урматтуу,
Америка Кошмо Штаттарынын Президентин шайлоодогу жеңишиңизге байланыштуу Сиздерге чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорумду жолдоо сыймыгына ээмин.
Биз Америка Кошмо Штаттары менен достук мамилелердин жана көп аспекттүү өнөктөштүк келечегине оптимистпиз.
Алардын өз ара кызыкчылыктардын бардык чөйрөлөрүндө ырааттуу өнүгүшү жана кеңейиши мамлекетибиздин тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат. Өз ара пайдалуу кызматташтыкты илгерилетүү максатында ар кандай деңгээлдерде биздин өлкөлөрдүн мамлекеттер аралык жемиштүү диалогун улантууга дайым даяр.
Ушул жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, сиздерге ден – соолук, бакыт-таалай жана жоопкерчиликтүү ишиңиздерге жаңы ийгиликтерди, ал эми Америка Кошмо Штаттарынын дос элине-туруктуу тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу гүлдөп-өнүгүүнү каалайм”.
Сүрөт: ачык булактардан
