Эсеп палатасы Каракол шаарында 55 миллион сомдук бюджеттик мыйзам бузууларды аныктады - ИА Караван Инфо
Эсеп палатасы Каракол шаарында 55 миллион сомдук бюджеттик мыйзам бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык,  Ысык-Көл областынын  Каракол  шаарында 2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 55929,5 миң сомду түзгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, Каракол шаарынын мэрине, шаардык Кеңешке – Отчет; аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: