ООГАНСТАН, 2026-жылдын 17-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. ЮНИСЕФтин Ооганстандагы өкүлү Таджуддин Ойевале Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) атайын өкүлү Тарик Али Бахит менен жолугушту.

Тараптар эмне боюнча макулдашты:
– Ооган балдарына жана эң аялуу үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамды кеңейтүү.
– Калктын негизги кызмат көрсөтүүлөргө (саламаттыкты сактоо, билим берүү, тамак-аш) жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
– Жергиликтүү жамааттарды колдоо үчүн ЮНИСЕФ менен ИКУнун ортосундагы өнөктөштүктү бекемдөө.
«Бул кызматташтык Ооганстандагы балдардын өмүрүн сактап калууга жардам берүүнү улантуу жана абалын жакшыртуу үчүн абдан маанилүү», – деди Таджуддин Ойевале .
Тарик Али Бахиттин Кабулга болгон сапары ИКУнун гуманитардык миссиясынын алкагында болгон. Атайын өкүл мурда Талибан администрациясынын өкүлдөрү менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Сүрөт: AFG-International
