Көңүл бургула! Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсүнө суу берүү убактылуу токтотулду - ИА Караван Инфо
Көңүл бургула! Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсүнө суу берүү убактылуу токтотулду

Бишкектеги Сүйүмбаев көчөсүнө суу берүү убактылуу токтотулду, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, “Бишкексууканал” ишканасы Сүйүмбаев көчөсүндөгү таза суу түтүктөрүн авариялык оңдоо иштерин жүргүзүүдө.

Суу менен камсыз кылуучу бригада кудукта жайгашкан диаметри 400 мм болгон түтүкчөдөгү агып кеткен жерди оңдоодо.

Эскерте кетсек, авариялык абалга  байланыштуу суу берүү убактылуу токтотулган.

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы  келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.  Бардык аракеттер ишти тез арада бүткөрүүгө жана суу менен камсыздоону калыбына келтирүүгө багытталат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: