Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун 50 жылдык мааракеси белгиленди - ИА Караван Инфо
Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунун 50 жылдык мааракеси белгиленди

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт Ордосунун 50 жылдык мааракеси салтанат менен белгиленди.

Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси Медетбек Букуев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов, Жогорку Кеңештин депутаттары жана 1980-жылкы Олимпиаданын чемпиону Каныбек Осмоналиев катышты.

Маданият министри Алтынбек Максутов куттуктоо сөзүндө бардык катышуучуларды спорт ордосунун мааракеси менен куттуктады. 

“50 жыл аралыгында Спорт ордобуз көптөгөн чемпиондорго үй болуп, келечектеги жылдыздардын өсүп-өнүгүшүнө шарт түзүп берди. Биз бул ыйык жайды мындан ары да колдоп, спортубуздун өсүп-өнүгүшү үчүн шарттарды түзө беребиз”, – деди министр. 

Иш-чаранын соңунда спорт ордосунун кызматкерлери ардак грамота жана “Дене тарбиянын отличниги” төш белгилери менен сыйланышты.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: