Кабулов: Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу Москва форматында талкууланат - ИА Караван Инфо
Кабулов: Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу Москва форматында талкууланат

МОСКВА, 2026-жылдын 3-октябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Россиянын президентинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү Замир Кабулов Ооганстан менен Пакистандын ортосундагы чыңалуу дүйшөмбү күнү өтө турган Москва форматындагы консультациялардын кийинки жыйынында талкуулана турганын жарыялады.

Орусиянын "Известия" гезитине берген маегинде Кабулов Москва тараптардын ортосундагы мунасага келүүгө көмөктөшүү үчүн ушул платформаны колдонууга үмүттөнөрүн белгиледи. Ал эгер Исламабад менен Кабул өтүнүч кылса, Орусия ортомчулук жардамын көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Бирок, орусиялык дипломат азырынча мындай өтүнүч түшө электигин билдирди.

Талибдерди жолугушууга тышкы иштер министри Амир Хан Муттаки , ал эми Пакистанды Ооганстан боюнча атайын өкүлү, Кабулдагы элчиси жана башка жогорку даражалуу чиновниктер өкүлдөйт деп күтүлүүдө.

Москва форматы 2016-жылдан бери иштеп келет жана Ооганстан, Орусия, Кытай, Иран, Индия, Пакистан жана Борбордук Азия мамлекеттери сыяктуу 11 өлкөнү бириктирет. Бул жолу Беларусия менен Египеттин өкүлдөрү да конок катары чакырылган.

Сүрөт: Анадолу