Бишкек, 2026-жылдын 3-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Кадамжай району айыл чарба тармагын өнүктүрүү үчүн инвесторлорду тартып жатканын Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жолугушууда компания өкүлдөрү өздөрүнүн ишмердүүлүгүн жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулап, заманбап логистикалык борборлорду, күнөскана комплекстерин жана башка өндүрүштүк жана инфраструктуралык объектилерди камтыган ири өнөр жай жана коммерциялык өндүрүш объектилерин түзүү боюнча долбоорлорду сунушташты.
Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары инвестицияларды тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана узак мөөнөттүү өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.
Сүрөт: Айыл чарба министрлиги
