Кадамжай районунда кичи ГЭС курулат - ИА Караван Инфо
Кадамжай районунда кичи ГЭС курулат

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунда кубаттуулугу 600 кВт болгон “Базарбай Ата-3” кичи ГЭСи курулат. Анын курулушуна Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду каржылык колдоо көрсөтөт.

Фонддон билдиришкендей, долбоордун наркы 40,1 млн сомду түзөт. Көрсөтүлгөн сумманын жарымынан көбүн, тактап айтканда, 22 млн сомун КРӨФ бөлүп берет.

Долбоорго ылайык “Базарбай Ата-3” кичи ГЭСи ишке кирсе, жылына электр энергиясын иштеп чыгуу 5,2 млн кВт/саат болот. Бул жакынкы Марказ (8200 киши) жана Сары-Алтын (1500 киши) айылдарынын жашоочуларын электр энергиясы менен камсыздоо маселесин чечет. 

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: