"Камсыздандырылган адамдын жеке эсебинин" артыкчылыктары - ИА Караван Инфо
"Камсыздандырылган адамдын жеке эсебинин" артыкчылыктары

2019-жылдын 1-июлунан тартып “Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруунун алкагында түзүлгөн “Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети” иштей баштады. “Камсыздандырылган адамдын электрондук кабинети” маалыматтык системасы катары белгилүү болгон КР Соцфондундагы бул инновациялык сервис камсыздандырылган адамдар, анын ичинде пенсионерлер менен өз ара аракеттенүүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрүн камсыздоого багытталган.

Сиз суроолоруңузду чечүү үчүн Социалдык фондго келип, узак убакыт кезек күтүп отурбай, жеке кабинетиңизди колдонуу менен интернет аркылуу керектүү маалыматты алууга ыңгайлуу шарт түзүлгөн.

Сиз жеке кабинетиңиз аркылуу төмөнкүдөй арыз бере аласыз:

Ошондой эле, сиз чектелген пенсия жөнүндө маалымат ала аласыз жана бардык маселелер боюнча кайрылууларды калтырсаңыз болот.

Бул кызматты “Түндүк” тиркемесиндеги КР Соцфондунун “Камсыздандырылган адамдын жеке кабинети” бөлүмүнөн пайдалана аласыз.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: