Кантта ири өрт чыгып, бир адам каза болду
Кант шаарындагы заводдун аймагында жайгашкан кагаз чыгаруучу “Милена” ЖЧКсында өрт чыккан. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, жерине 5 өрт өчүрүү, 1 суу ташуучу унаа тартылган.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен саат 08:10до чектөөгө алынган.
Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн болжолдуу аянты 1500 чарчы метр.
Тилекке каршы, өрттүн кесепетинен бир кытай жараны каза болгон.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
