Кара-Суу районунун Нариман айылындагы бала бакчанын курулушу 95%га бүттү
Мамкурулуш агенттиги тарабынан Кара-Суу районунун Нариман айылына курулуп жаткан бала бакчанын курулушу аяктап калды.
Бала бакчаны куруу иштери республикалык бюджеттин эсебинен 2023-жылы башталган, тендердик баасы 70,7 млн сомду түзөт.
Долбоор боюнча 120 орунга ылайыкталган эки кабаттан турат. Заманбап шартта салынган группалык таалим алуу, ойноо жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинет бар. Объекттин жалпы аянты 1076 чарчы метрди түзөт.
Учурда бала бакчанын курулуш-монтаждоо иштери 95% пайызга бүткөрүлдү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
