Кара-Сууда 120 млн сомго бааланган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Ош облусунун Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын жер Мыйзамдарынын аткарылышы боюнча Ынтымак айыл өкмөтүнө карата текшерүү жүргүзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгы менен Ынтымак айыл өкмөтүнө караштуу болгон жалпы 3,18 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги боюнча сот органдарынан чечимдер чыгып, бирок аталган жер тилкеси муниципалдык менчикке каттоого алынбай тургандыгы аныкталган.
Кара-Суу райондук прокуратурасы тарабынан Ынтымак айыл өкмөтүнүн башчысынын наамына прокурордук акты келтирилип, анын жыйынтыгы менен базар баасы 120 млн сомду түзгөн 3,18 га жер тилкеси муниципалдык менчикке толугу менен кайтарылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
