Кара-Суу райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратынын курулушуна капсула салуу аземи өттү. Иш-ччарага саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышты.
Министр өз сөзүндө белгилегендей, министрлер кабинети жана Саламаттык сактоо министрлиги инфраструктураны жаңылоо жана зарыл болгон медициналык жабдууларды жана машиналарды сатып алуу аркылуу медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иш алып барууда.
«Жалпысынан өлкө боюнча 26 медициналык мекеме курулууда, анын 22си толугу менен республикалык бюджеттен каржыланат. Бул үчүн 900 миллион сом бөлүнгөн. Дагы 4 объект мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында курулууда. Кошумчалай кетсек, 2024-жылы 300 миллион сомдон ашык суммага 50дөн ашык жаңы фельдшердик-акушердик пункттар жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлору курулган. Жакында Ысык-Көл облусунун Түп районунда Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы имараты ачылды», – деп кошумчалады министр.
Долбоорго ылайык, борбор 0,64 га аянтты ээлейт жана жертөлөсү бар үч кабаттуу имарат болуп, жалпы аянты 3032,27 м² түзөт.
Объекттин сметалык баасы 210 миллион сомду түзүп, бюджеттин эсебинен каржыланат.
Жаңы ҮМБ калкка алгачкы медициналык жардамдын кеңири спектрин көрсөтөт. Бул үчүн борборду заманбап жабдыктар, анын ичинде томограф, рентген, УЗИ, фиброскан, ЭГД-скопия жана лабораториялар менен жабдуу пландалууда. Борбор күн сайын 250-300 бейтапты кабыл алып, Кара-Суу районунун 363 миң тургунун тейлей алат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
