"Каракол" эл аралык аэропортунда өрт-тактикалык машыгуу өттү
Кечээ, 6-декабрь күнү КР ӨКМдин Каракол шаары боюнча Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары тез жардам жана аэропорттун кызматкерлери менен биргеликте “Каракол” эл аралык аэропортунда өрт-тактикалык машыгуу өткөрүштү.
Машыгуу өрт кырсыктарын жана башка өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин биргелешип жоюуга багытталган келишимдин негизинде жүрүп, кызматтардын биргеликте иш алып баруусуна багытталды.
Ошондой эле куткаруучуларга өрт-тактикалык машыгуунун сценарийи боюнча бузулуп, учуучу тилкеден чыгып кеткен учактагы жарандарды эвакуациялоо жана өрт кырсыгын жоюу боюнча усулдук сабак өтүлдү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
