Мамкурулуштун алдындагы “Кыргызкурулуш” мамлекеттик ишканасы тарабынан Каракол шаарындагы Прежевальский көчөсү, 149 дарегинде жайгашкан автовокзалдын капиталдык оңдоп-түзөө иштери башталды.
Бүгүнкү күндө автовокзалдын экинчи жана үчүнчү кабаттарынын чатырын жабуу, ички дубалдарын, терезелерин жана эшиктерин демонтаждоо иштери аткарылды.
Мамкурулуш алдындагы “Кыргызкурулуш” МИнин директору Алмаз уулу Максат билдиргендей, иштер белгиленген графикке ылайык улантылууда, долбоор кечиктирбестен ишке ашырылып жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт.
Мамкурулуштун алдындагы “Кыргызкурулуш” МИнин коопсуздук ченемдерин сактоого жана айлана-чөйрөгө таасирди минималдаштырууга өзгөчө көңүл бурат. Колдонулган бардык материалдар белгиленген сапат стандарттарына жооп берет жана текшерүүдөн өтөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
