Каралган продукцияларды дезинфекциялоого 2,4 миллион сом жумшалды
2024-жылдын 9 айдын жыйынтыгы боюнча карантинге алынуучу продукцияларды жана карантинге алынуучу объекттерди зыянсыздандыруу 162 613 м3 көлөмүндө, 2 414 191 сом суммасында жүргүзүлгөн.
Карантинге алынуучу өндүрүмдү жана карантинге алынуучу объекттерди зыянсыздандыруу карантиндик зыянкечтердин, өсүмдүктөрдүн илдеттеринин жана айыл чарба жана экосистема үчүн коркунучтуу башка патогендердин таралышын болтурбоо максатында жүргүзүлөт.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
