Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Мыйзам 2024-жылдын 23-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Кабыл алынган Мыйзам менен 2024-жылдын 19-апрелинде Астана шаарында кол коюлган 2003-жылдын 25-декабрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда Мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү пункттары жөнүндө макулдашууга өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколду ратификациялоо каралган.
Протоколдун максаты кыргыз-казак чек арасынан өтүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун иштөө режимин өзгөртүү болуп саналат. Алсак, Протоколдо “Каркыра-автожол” өткөрүү пунктунун иштөө режимин сутканын күндүзгү убактысынан күнү-түнү иштөөгө өзгөртүү каралган.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
