Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик сапар менен Монголияга келди
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Монголиянын лидери Ухнаагийн Хурелсухтун чакыруусу менен Монголияга мамлекеттик сапар менен келди. Казакстандын делегациясын Улан-Батор аэропортунан Монголиянын тышкы иштер министри Батмунхин Батцэцэг тосуп алды.

Сапардын алкагында мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелерди чыңдоо жана өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
Ошондой эле түрдүү тармактарда биргелешкен жаңы долбоорлордун пайдубалын түптөй турган бир катар негизги документтерге кол коюу пландалууда.

Бул сапар Казакстан менен Монголиянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн маанилүүлүгүн көрсөтөт жана аны бекемдөөнүн кезектеги кадамы болуп саналат.

Сүрөт: Акорданын басма сөз кызматы
