Бишкек, 2026-жылдын 21-сентябры – Karavan Info маалымат агенттиги. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө байланыштуу бир катар актуалдуу маселелерди талкуулоо үчүн аппараттык жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы талкууланды.
Ушул жылдын 1-октябрынан тартып пенсияны көтөрүүгө даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Премьер-министр белгилегендей, индексациялоонун натыйжасында орточо пенсия 12 898 сомго жетет, ал эми орточо өсүш 1753 сомду түзөт. Адылбек Касымалиев пенсиялык төлөмдөрдү өз убагында бүтүрүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берди.
Жыйында ошондой эле өлкөнүн аймактарындагы Беккари чуңкурларынын абалы каралды. Тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарына республиканын аймактарындагы Беккари чуңкурларын (өлгөн жаныбарларды коопсуз көмүү жана жок кылуу үчүн атайын жайлар) толук инвентаризациялоо, алардын техникалык жана санитардык абалын баалоо жана жайларды тийиштүү абалга келтирүү үчүн зарыл болгон чараларды көрүү тапшырылды. Өзгөчө көңүл биологиялык калдыктарды жок кылуунун заманбап ыкмаларын ишке ашырууга, анын ичинде өрттөө технологиясын – адистештирилген жайларда жогорку температурадагы термикалык жок кылууну колдонуу мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө бурулду.
Аппараттык жыйындын жүрүшүндө быйылкы жылы социалдык объектилерди жана өнөр жай ишканаларын куруу жана ишке киргизүүгө байланыштуу маселелер талкууланды.
Аппараттык жыйындын жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.
Сүрөт: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
