Индияда казак-индиялык биргелешкен “KazInd-2024” машыгуусу аяктады. Эки өлкөнүн аскер кызматкерлери тоолуу аймактарда күжүрмөн иш-аракеттерди жүргүзүүдө жана терроризмге каршы күрөшүүдө өз чеберчиликтерин такшалды.

Машыгуунун негизги этаптарынын бири тоо боюнча машыгуу болду. Казак аскерлери татаал жерди ийгиликтүү жеңип, десантчы кыз-келиндер бийик тоолуу шарттарда парашют менен секирүү менен жогорку чеберчиликти көрсөтүштү.
Машыгуунун жыйынтыктоочу этабында эки өлкөнүн аскер кызматкерлери терроризмге каршы күрөшүү боюнча тажрыйба алмашышты. Контингенттердин жетекчилери мындай биргелешкен машыгуулардын согушка даярдыгын жогорулатуу жана Казакстан менен Индиянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.
«Бул машыгуу практикалык күжүрмөн даярдыктарды өркүндөтүүгө мүмкүндүк берди. Биздин контингенттин составы жогорку чеберчиликти керсетушту. Баардык тапшырмалар аткарылды, машыгуунун максаттары ишке ашты», – деди «Түштүк» аймактык командачылыгынын штаб башчысы, полковник Нурлан Карибаев.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Коргоо министрлиги
