Казакстан дан экспортун көбөйтүүдө - ИА Караван Инфо
Казакстан дан экспортун көбөйтүүдө

Сентябрь Казакстанда жаңы түшүм данын активдүү ташуунун айы болуп калды. Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, бул мезгилде бир миллион тоннадан ашык эгин ташылды, бул өткөн жылга салыштырмалуу төрттөн бир эсе көп. Дандын бир кыйла бөлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнө, ошондой эле Актау порту аркылуу Иранга экспорттолот.

Божомолдор боюнча жылдын аягына чейин эгин ташуунун темпи жогорку децгээлде сакталат. Транспорт министри Марат Карабаев ай сайын 1,2 миллион тоннадан 1,3 миллион тоннага чейин эгин ташуу пландалып жатканын билдирди. Буга жетишуу учун республикада журуучу составдын, анын ичинде эгин ташуучу вагондордун жана локомотивдердин жетиштуу запасы бар.

Дандын экспортунун өсүшү аба ырайынын жагымдуу шарттарына жана жогорку түшүмгө байланыштуу.

Сүрөт: Казакстан Республикасынын Транспорт министрлиги

error: