Казакстан коңшу өлкөлөр менен сууну пайдалануу боюнча маанилүү келишимге жетишти. Мамлекеттер аралык координациялык суу чарба комиссиясынын 87-отурумунун жыйынтыгы боюнча Казакстан келерки жылдын апрелине чейин Сырдарыя дарыясынан кошумча 11 миллиард кубометр суу ала алат. Бул кийинки сугат мезгилинде Казакстандын түштүк аймактарында айыл чарбасы үчүн керектүү көлөмдөгү суу менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Жыйындын катышуучулары суу сактагычтардын иштөө графигин жана алдыдагы күз-кыш мезгилине суу берүүнүн лимиттерин макулдашышты. Бул региондун суу ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга жана мүмкүн болуучу чыр-чатактардын алдын алууга мүмкүндүк берет.
Казакстандын суу ресурстары жана ирригация министри Нуржан Нуржигитов жетишилген макулдашуулардын маанилүүлүгүн белгиледи. Ал белгилегендей, региондогу өлкөлөрдүн биргелешкен ишинин аркасында Сырдарыя дарыясынын бассейниндеги суу ресурстарын натыйжалуу бөлүштүрүүнү камсыз кылууга мүмкүн болду.
МКВКнын кийинки отуруму 2025-жылдын биринчи кварталында Душанбеде өтөт.
Сүрөт: КР суу ресурстары жана ирригация Министрлиги
