Казакстандын ички иштер министри Ержан Саденов Катарга иш сапары менен барды. Сапардын жүрүшүндө Катардык кесиптеши, шейх Халифа бин Хамад Аль Тани менен сүйлөшүүлөр болду. Тараптар коопсуздук, анын ичинде Уюшкан кылмыштуулукка, баңги соодасына, экстремизмге жана кибер кылмыштарга каршы күрөшүү жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Сапардын негизги жыйынтыктарынын бири кылмыштуулук менен күрөшүүдө кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу болду. Бул келишим эки өлкөнүн укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсү үчүн бекем укуктук негизди түзөт, ошондой эле тажрыйба алмашуу жана биргелешкен операциялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Келишимге кол коюу MILIPOL QATAR 2024 эл аралык коопсуздук көргөзмөсүнүн алкагында болду. Жаңы келишим эки өлкөгө чек арадагы кылмыштуулукка натыйжалуу каршы турууга жана өз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Сүрөт: КР ИИМ
