Астана, 2026-жылдын 19-апрели – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстан түрк рыногуна айыл чарба продукцияларын экспорттоону көбөйтүүнү пландап жатат. Бул тууралуу Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов өкмөттөр аралык комиссиянын 14-жыйынында билдирди.

Ал эки өлкөнүн айыл чарба тармагындагы кызматташуусу динамикалуу өнүгүп жатканын белгиледи: 2025-жылы агроөнөр жай комплексиндеги соода жүгүртүү 25% дан ашык өсүп, болжол менен 360 миллион долларга жеткен. Айыл чарба технологиялары жана айыл чарба камсыздандыруусу боюнча активдүү тажрыйба алмашуу жүрүп жатат.
«Алдыдагы мезгилде сооданы диверсификациялоо, экспорттук портфелибизди кеңейтүү жана жогорку кошумча нарк менен биргелешкен ишканаларды ишке киргизүү маанилүү. Биз Түркияга буудай, жасмык, тоют жана майлуу өсүмдүктөрдү экспорттоого кызыкдарбыз», – деп белгиледи Олжас Бектенов.
Ошондой эле, премьер-министр продукцияларды Түркиянын ветеринардык жана фитосанитардык стандарттарына ылайык келтирүү боюнча биргелешкен аракеттерди күчөтүүнү сунуштады.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Өкмөтү
