Казакстан жаңы эгиндин экспортун 30% га көбөйттү%
Казакстандык темир жолчулар эгиндин жаңы түшүмүн экспорттоодо. Сентябрь жана октябрь айларында 2,2 миллион тоннадан ашык дан ташылып, анын 1,8 миллион тоннасы экспортко жөнөтүлдү, бул былтыркыга салыштырмалуу 30% га көп.

Экспорттун негизги багыттары Россия, Иран жана Борбордук Азия өлкөлөрү болду. Россияга эки айдын ичинде 23,4 миң тонна дан, ошондой эле транзит менен 113 миң тонна экспорттолгон. Актау порту аркылуу Иранга 250 миң тоннадан ашык жүк ташылган. Борбор Азия өлкөлөрүнө Экспорт 30% га көбөйүп, 1 миллион тоннадан ашты.
Сүрөт: freepik.com
