Казакстан Республикасынын Вице-премьер-министри – Тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу Эр-Риядда өткөн Араб мамлекеттери лигасынын жана Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) биргелешкен кезексиз саммитине катышты. Талкуунун негизги темасы “Жакынкы Чыгыштагы оор кырдаал жана аны чечүүнүн жолдорун издөө” болду.

Өз сөзүндө казак министри ИКУнун аймактык чыр-чатактарды жөнгө салууга активдүү катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал эл аралык коомчулукту БУУнун тынчтык орнотуучу миссияларынын маанилүү ролун унутпоого чакырып, бейпилдик күчтөрүнө кол салууларды айыптады.
Мындан тышкары, М.Нуртлеу Азык-түлүк коопсуздугу боюнча Ислам уюмунун потенциалын колдонууну жана уюмдун Палестинанын жабыр тарткан тургундарына жардам көрсөтүү үчүн каражат чогултуу демилгесин колдоону сунуштады. Саммиттин алкагында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин башчысы башка өлкөлөрдүн делегация башчылары менен бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө саясий, экономикалык жана маданий чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги
