Казакстанда Каспий деңизи маселелери боюнча Жогорку Деңгээлдеги Жумушчу Топтун тогузунчу жыйыны болуп, ага Азербайжан, Иран, Казакстан, Россия жана Түркмөнстандын делегациялары катышты. Казак делегациясын жыйынга төрагалык кылган Зульфия Аманжолова жетектеп келди.

Тараптар Каспий деңизинде түз базаларды түзүү методологиясын талкуулашты, учурдагы кызматташтыкты карап чыгышты жана Каспий боюндагы мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин Түркмөнстанда боло турган кезектеги жолугушуусуна даярдыктарды талкуулашты. Беш тараптуу документтердин долбоорлору боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү да каралды.

Катышуучулар жолугушууну мыкты уюштургандыгы үчүн Казакстанга ыраазычылык билдиришти. ЖДЖТтун кийинки жыйыны Түркмөнстанда өтөт, анын датасы дипломатиялык каналдар аркылуу макулдашылат.

Сүрөт: ачык булактардан
