Казакстанда жаңы жылдан баштап бюджеттик акчага курулуп жаткан курулуштарга көзөмөл күчөтүлөт
2025-жылдын башынан тарта Казакстанда курулуш тармагындагы мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына көзөмөл күчөтүлөт. Мындай чечим Павлодар облусунда бюджеттик каражаттарды пайдаланууда одоно мыйзам бузуулар аныкталгандан кийин кабыл алынды.
Текшерүү көрсөткөндөй, подрядчылар бүтпөгөн иштер үчүн акы алышкан. Келечекте ушундай жагдайларды болтурбоо үчүн бийлик казыналык колдоонун чөйрөсүн кеңейтүүнү чечти. Эми бул көзөмөлдөө механизми баасы 1 миллиард теңгеден ашкан бардык курулуш келишимдерине карата колдонулат.
Буга чейин казыналык колдоо 2 миллиард теңге же андан көп суммадагы келишимдерге жайылтылып келген.
Сүрөт: freepik.com

