Казакстандык студенттер эмчек рагы менен күрөшүүнүн инновациялык ыкмасын иштеп чыгышты
Nazarbayev Universitунин студенттер командасы iGEM эл аралык сынагында эмчек рагын дарылоонун инновациялык ыкмасын сунуштап, мыкты жеңишке жетишти. Казакстандык студенттер рак клеткаларын тандап жок кылуучу, дени сак ткандарды зыянсыз калтыруучу атайын гель иштеп чыгышты.

Алардын долбоору Гарвард, Оксфорд жана Массачусетс технологиялык институту сыяктуу дүйнөнүн алдыңкы университеттеринин жүздөгөн командаларынын арасында онкология жаатында мыкты деп табылды.
Инновациялык гелди иштеп чыгуудан тышкары, команда лабораториялык процесстерди автоматташтыруу үчүн уникалдуу аппаратты түздү. Бул аппарат эксперименттерди жүргүзүүнү абдан жеңилдетет жана алардын тактыгын жакшыртат.
Сүрөт: КР илим жана билим министрлиги
