Астана, 2026-жылдын 25-августу – Karavan Info маалымат агенттиги. Казакстан өкмөтү социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолун жана 2027–2029-жылдарга карата республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун бекитти.

Премьер-министр Олжас Бектенов бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу жана учурдагы чыгымдардын негизсиз көбөйүшүнө жол бербөө боюнча тапшырма берди.
«Бюджеттик каражаттарды мүмкүн болушунча натыйжалуу жана өз убагында пайдаланууну камсыз кылуу, ошондой эле чыгымдарды катуу көзөмөлдөө маанилүү», – деди Олжас Бектенов.
Каржы жана Улуттук экономика министрликтерине Өкмөттүн Аппараты менен биргеликте мыйзам долбоорун Курултайга киргизүү милдети жүктөлдү. Бул ишти вице-премьер-министр жана Улуттук экономика министри Серик Жумангарин координациялайт.
Буга чейин берилген эсептөөлөргө ылайык, 2027-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 25,6 триллион теңгени, ал эми чыгымдары 30,2 триллион теңгени түзөт деп күтүлүүдө.
Ошол эле учурда, Казакстандын 2027–2029-жылдары орточо жылдык реалдуу ИДПсынын өсүшү 5% дан ашат деп болжолдонууда. Номиналдык ИДП 2027-жылдагы 199,3 триллион теңгеден 2029-жылы 245 триллион теңгеге чейин көбөйөт деп күтүлүүдө.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Өкмөтү
