Казакстандын Конституциялык Сотунун Төрайымы Эльвира Азимова Европа биримдигинин өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын жана дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү менен жолугушууда сөз сүйлөдү. Иш-чара Казакстанда конституциялык мыйзамдуулукту камсыз кылуу маселелерин талкуулоо үчүн уюштурулган.

Өз сөзүндө Эльвира Азимова Конституциялык соттун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. Ал белгилегендей, соттун негизги милдети-укуктун үстөмдүгүн жана адам укуктарын коргоону камсыз кылуу. Акыркы жылдары сот көптөгөн ченемдик укуктук актылардын Конституцияга ылайыктуулугун текшерүү боюнча масштабдуу иштерди жүргүздү.
Евробиримдиктин дипломаттары менен жолугушуу БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин Универсалдуу мезгилдүү серебинин алкагындагы милдеттенмелердин аткарылышы тууралуу Улуттук баяндаманы коргоо алдында маанилүү окуя болду. Казакстан эл аралык коомчулукка адам укуктарын камсыз кылуу жана укуктун үстөмдүгү жаатындагы жетишкендиктерин көрсөтүүгө умтулат.
Сүрөт: КРнын Конституциялык соту
