Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди - ИА Караван Инфо
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди

Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргыз Республикасына келди.  

Казакстандын президентин “Манас” эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.  

Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга ушул жылдын 6-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) кезектеги он биринчи Саммитине катышуу үчүн келди.   

Саммиттин ишине Уюмга мүчө беш мамлекеттин – Азербайжан Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Түркия Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын лидерлери, ошондой эле Уюмдун байкоочу өлкөлөрүнүн башчылары катышат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: