Казакстандын президенти Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту
Касым-Жомарт Токаев Астанага иш сапары менен келген Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушту. Президент достук, коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген эки тараптуу мамилелердин ийгиликтүү өнүгүшүн белгиледи. Ал буга жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалог жана эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн жемиштүү иши өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.

Министр Казакстанга Астанада ММЭМИнин юбилейине арналган конференция өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди, бул дипломатиялык коомчулукта оң пикирлерди жаратты. Жолугушуунун жүрүшүндө ошондой эле аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери талкууланды.


Сүрөт: Аккорданын басма сөз кызматы
