Кеминдеги спорт комплексти курууда мамлекетке 6,2 млн. сомдук зыян келтирилгени аныкталды - ИА Караван Инфо
Кеминдеги спорт комплексти курууда мамлекетке 6,2 млн. сомдук зыян келтирилгени аныкталды

Чүй областынын Кемин районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө, Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы спорт комплексти курууда аталган айыл өкмөттүн жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, өздөрүнө же болбосо башка адамдар үчүн пайда көрүү же артыкчылык алуу максатында иш жүзүндө аткарылбаган курулуш-монтаждоо иштери үчүн 6 млн 230 миң 500 сом өлчөмүндөгү бюджеттик каражаттарды “АА” ЖЧКнын эсебине негизсиз которушкандыгы аныкталган.

Натыйжада мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмүндөгү зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча Кемин районунун прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) 245-беренеси (“Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталды.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: