Үстүбүздөгү жылдын он айынын жыйынтыгы боюнча Кепилдик фонду тарабынан аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 1088 кепилдик берилген, бул бардык берилген кепилдиктердин 40% түзөт.
Фонддун маалыматына караганда, бул мезгилде аялдардын бизнесин колдоо үчүн берилген кепилдиктердин көлөмү 868 миллион сомдон ашыкты түздү.
«Кепилдик фонд» ААКсы ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө кепилдиктердин үчтөн биринен ашыгы – бизнести колдоого багытталган кепилдиктердин жалпы санынын 38%ы берилген. Жалпысынан “Кепилдик фонд” ААКсы аял ишкерлерди колдоо үчүн 3 миллиард 166 миллион сом суммасында 4071 кепилдик берген.
«Кепилдик фонд» ААКсынын колдоосун пайдаланган аялдар өлкөнүн бардык аймактарынын өкүлдөрү, алар кандай тармактарда эмгектенишет.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
