КФБ клубдардын каржылык башкаруусу боюнча семинар өткөрдү - ИА Караван Инфо
КФБ клубдардын каржылык башкаруусу боюнча семинар өткөрдү

Кыргыз футбол биримдигинин кеңсесинде Премьер-Лиганын футболдук клубдарынын финансисттерине, клубдарды лицензиялоодогу финансылык критерийлер боюнча семинар өтүлүүдө. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз футбол биримдиги жана Азия Футбол Конфедерациясы тарабынан Премьер-Лига клубдарына коюлган талаптар кенен каралды. Айрыкча, клубдардын белгиленген стандарттарга шайкештигин тастыктоо үчүн керектүү каржылык шаблондорду толтуруу процесси боюнча толугураак маалымат берилди.    

Мындан тышкары, катышуучуларга клубдардагы финансылык башкаруу маселелери боюнча, анын ичинде каржылык отчеттуулукту түзүүнүн негиздери жана лицензиялоону ийгиликтүү өтүү үчүн эске алуучу негизги аспектилерди түшүндүрүлдү. 

Ошону менен, семинардын максаты учурдагы талаптарды түшүндүрүү гана эмес, ошондой эле клубдардагы каржылык документтер менен иштеген адистердин квалификациясын жогорулатуу болду. Бул кадам эл аралык футбол системасынын алкагында уюмдардын стандарттарды сактоосу жана натыйжалуу иштеши үчүн маанилүү этап болуп саналат.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: