Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов профилдик министрлер менен облустардын акимдеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү, анда 2025-жылдагы суу ташкынына даярдык көрүү иш-чаралары каралды. Негизги басым суу каптоо коркунучу жогору болгон аймактардагы калкты жана инфраструктураны коргоого жасалган.

Кеңешменин жүрүшүндө кыш мезгилине карата жаан-чачындын орточо нормадан жогору болушун күткөн гидрологиялык болжолдоолор жана суу ташкындарынын кесепеттерин минималдаштыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берилди. Потенциалдуу кооптуу участоктордо 31 жаңы гидрологиялык пост уюштурулуп, өлкө боюнча мындай пункттардын жалпы саны 377ге жетти.

Жер-жерлерде коргоочу курулуштарды бекемдөө, дренаждык каналдарды тазалоо жана дарыялардагы суунун деңгээлин көзөмөлдөө иштери улантылууда. 1110 км дамба курулуп, даярдалган, ал эми Батыш жана Чыгыш Казакстан облустарында 95 км канал механикалык тазалоодон өткөн. Бир катар облустарда дарыялардын нуктарын санациялоо жана жайылмаларды топографиялык сүрөткө тартуу жүргүзүлүүдө, анын маалыматтары суу ташкындарын моделдөө FLOOD.GHARYSH.KZ. системасында колдонулат
Премьер-министр селге каршы иш-чараларды ишке ашыруу темпи жетишсиз болуп жаткан аймактардагы иштерди тездетүү зарылдыгын белгиледи. Костанай, Актөбө, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Абай облустарынын акимдерине айдын аягына чейин пландаштырылган бардык чараларды аткаруу тапшырылды.
Транспорт жана атайын техникаларды даярдоого, ошондой эле калктуу конуштар үчүн азык-түлүк жана медикаменттердин резервдерин түзүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Жергиликтүү бийлик кыш мезгилинде карды өз убагында тазалоону уюштурууга жана өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн инерттик материалдардын запастарын даярдоого милдеттүү.
Суу ресурстары министрлигине суу сактагычтардагы суунун көлөмүн көзөмөлдөө жана зарыл болгон учурда көзөмөлгө алынган агызууну ишке ашыруу, ошондой эле трансчекаралык дарыялардын абалы боюнча коңшу өлкөлөр менен маалымат алмашууну жөнгө салуу тапшырылды.
Сүрөт: Казакстан Республикасынын Премьер-министринин расмий маалыматтык ресурсу
