Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан мамлекеттердин бажы кызматтарынын укук коргоо бөлүмдөрүнүн жетекчилери товарлардын жана транспорт каражаттарынын, баңги жана психотроптук заттардын контрабандасына каршы күрөшүү жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.
Тегерек столго Кыргызстандын, Казакстандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Россиянын, Беларустун бажы кызматтарынын укук коргоо бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү, ошондой эле ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар контрабанда жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча ишмердүүлүктүн жыйынтыктары жөнүндө баяндама жасашты.
Андан кийин тематикалык сессиялар өткөрүлүп, анда төмөнкү маселелер талкууланды:
Тараптар пайда болгон маселелер боюнча ыкчам өз ара аракеттенүү бөлүгү боюнча кызматташууну жакшыртуу, маалымат алмашуу үчүн бирдиктүү маалыматтык порталды түзүү, биргелешкен иликтөөлөрдү жүргүзүү, ошондой эле суроо-талаптарга өз убагында жана мазмундуу жооп берүү зарылдыгын белгилешти. Мындан тышкары, катышуучулар кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында бажы кызматтарынын укук коргоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн аймактык тренингдерди жана семинарларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.
Белгилей кетсек, иш-чара ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин көмөгү менен уюштурулду. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар алдыңкы тажрыйбалары менен алмашышты жана бажылык укук бузууларды аныктоо, бөгөт коюу жана алдын алуу, баңги жана психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү жаатында өз ара аракеттенүү боюнча бир катар сунуштарды иштеп чыгышты.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
