Бүгүн, 12-ноябрдагы Жогорку Кеңешинин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин отурумунда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө», «Электрондук соода жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.
Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министринин орун басары Гюльшат Асылбаева тааныштырды.
Анын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону Кыргызстандагы электрондук коммерция чөйрөсүн жакшыртуу жана өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү каражаты катары пайдаланууга умтулат. Электрондук коммерцияны жөнгө салуунун маанилүү аспекти болуп керектөөчүлөрдүн укугун коргоо саналат. Керектөөчүлөрдүн укугун ишенимдүү коргоо керектөөчүлөр арасында ишенимди гана арттырбастан, бизнестин санариптик рынокко чыгуусуна стимул катары кызмат кылат.
Талкуу учурунда депутат Алишер Эрбаев Кыргызстандын аймагында электрондук коммерция чөйрөсүндө ишмердүүлүк жүргүзгөн чет элдик компаниялардын санын тактады.
Муну менен катар жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген “Кыргыз Республикасынын салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.
Мыйзам долбоорун экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев тааныштырды.
Мыйзам долбоорунун максаты жана милдети салык мыйзамдарын өркүндөтүү, салыктык башкаруу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, ошондой эле ак ниет атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана экономиканын көмүскө курамын кыскартууга багытталган. Спиртти, алкоголдук жана спирт камтыган продукцияны мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү, сатуу максатында жасалма акциздик маркаларды жасоо же жасалма акциздик маркаларды пайдалануу менен салык төлөөдөн качкандарга каршы күрөштү күчөтүү үчүн тиешелүү ченемдик-укуктук актыларга оңдоолорду киргизүү сунушталууда.
Мыйзам долбоорун талкулоодо депутаттар Арсланбек Эгембердиев, Бакытбек Марипов айыл чарба багытындагы жерлерге салыктарды көтөрүү, аймактардын салыктык коэффициенттерин кайра карап чыгуу маселелерин белгиледи. Депутат Айсулуу Мамашова жашоого маанилүү дары каражаттарынын (ПЖВЛС) тизмесине бюджеттен каралуучу сумманы тактап, бир катар бейтаптар кымбат баалуу дарыларды алууда кыйынчылыкка дуушар болуп жатканын айтты. Депутат Бакыт Тентишов салыктан жана коопсуз шаардан карызы бар жарандардын чет өлкөгө чыгууга тыюу салуу механизмдерин жеңилдетүүгө көңүл бурду.
Ошондой эле комитетте «Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда жактырылды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
