Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова экологиялык таза транспорт жана электромобилдер үчүн заряддоочу станцияларын өндүрүүгө адистешкен Woojin Industrial Systems жана Blue Network компанияларынын заводдоруна барды.
Woojin Industrial Systems компаниясы электр жана суутек автобустарын, ошондой эле метро жана трамвай темир жол системаларын өндүрүү боюнча лидер болуп саналат.
КР ТИМден кабарлашкандай, элчи аталган компаниянын вице-президенти Кван Сок Ким менен жолугушуу өткөрдү.
Тараптар Кыргызстанда электр автобустарын чогултуу үчүн өндүрүш линиясын түзүү боюнча пландарын талкуулашты, бул экологиялык таза коомдук транспортту өнүктүрүүгө, экологиялык кырдаалды жакшыртууга жана Кыргызстандын жарандары үчүн транспорттук шарттарды жакшыртууга жардам берет.
Ошол эле күнү элчи А. Исмаилова Blue Network компаниясынын электромобилдер үчүн заряддоо станцияларын өндүрүүчү заводуна да барды.
Компаниянын жетекчилиги менен жолугушууда Кыргызстанга электр транспорт үчүн инфраструктура түзүү максатында заряддоо станцияларын жеткирүү пландары талкууланды.
Blue Network компаниясы өзүнүн заряддоо станцияларынын үлгүлөрүн Кыргызстанга жөнөтүп, учурда алар тестирлөөдөн өтүүдө. Бул станциялар экологиялык таза транспортту илгерилетүү жана туруктуу энергия булактарына өтүү үчүн маанилүү элемент болуп саналат.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
