Корея Кыргызстандын жаш футболчуларына 1000ден ашык футбол топторун жана 300гө жакын насосторду тапшырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 19-октябрда маданият министринин биринчи орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Кыргызстандагы Корея Республикасынын элчиси Ким Квангджеден топторду кабыл алды.
Иш-чаранын алкагында министрдин биринчи орун басары Кореянын көрсөткөн колдоосун, футбол сыяктуу спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн министрликтин атынан ыраазычылык билдирип, мындай достук кадам жогору бааланарын айтты.
“Спорт жана маданият ар дайым өлкөлөрдү бириктирген күч болуп келген, корей элинин көрсөткөн колдоосу биздин жаш спортчуларыбызга кошумча шык берип, бийик баскычтарга жана дүйнөлүк рекорддорго жетүүгө жардам берет”, – деди Чынгыз Эсенгул уулу.
Алынган футбол топтор жана насосдор республиканын балдар-өспүрүмдөр спорт мектептерине бөлүштүрүлөт.
Мындан тышкары, Чынгыз Эсенгул уулу “Кимчи-2024” фестивалына катышты, анда шаардыктар жана меймандар корей кимчисин даярдашты.
Кимчи фестивалы жана корей шараптарын татып көрүү корей ашканасын жана салттуу ичимдиктерди таанытууда маанилүү окуя болуп эсептелет.
Бул иш-чара “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу алкагында болуп өттү.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
