Коррупцияны жок кылыш ар бир Кыргызстандыктын милдети, деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн Элдик курултайдын жүрүшүндө.
Анын айтымына караганда, Кыргызстан коррупцияга, кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө көрүнүктүү ийгиликтерге жетүүдө.
“Коррупция – бул, мамлекеттин ички өзөгүн бузган, жарандарыбыздын бийликке болгон ишенимин ажыраткан жана экономикалык өсүштү алсыраткан оору жана өнүгүүнүн душманы. Биз ишибизди баштаганда эле коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялаганбыз. Ал күрөш улам барган сайын күчөп, улантыла бермекчи”, – деп, кыргызстандыктардын колдоосу жок коррупцияны жеңүү эч мүмкүн эместигин кошумчалады.
Мамлекет башчысы билдиргендей, Дүйнөлүк банк жүргүзгөн калктын социалдык-экономикалык мониторингинин жыйынтыктары коррупция менен күрөшүүгө ишенген жарандарыбыздын колдоосу күн санап көбөйүп жаткандыгын тастыктады.
“2021-жылы шаар тургундарынын арасында колдогондордун саны 60 пайызды түзсө, 2024-жылы 83 пайызды, ал эми айылдыктар арасында 83 пайыздан 89 пайызга чейин өскөнүн көрсөткөн. Бул Дүйнөлүк банктын жүргүзгөн сурамжылоосу жана анализи. Демек, биз коррупция менен күрөшүүдө туура багытта баратабыз. Өлкөнүн өнүгүү багытында бара жатканын эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөр да тастыктоодо.
Мисалга алсак, Тынчтыктын глобалдык индексине ылайык, 2023-жылы Кыргызстан 101-орунда эле, ал эми 2024-жылы 77-орунга көтөрүлдү. Бул жерде көрүнүп тургандай, бир эле жылдын ичинде биз өзүбүбүздүн абалыбызды 24 позицияга ишенимдүү жакшыртканбыз. Башкача айтканда, өлкөбүздүн коопсуздугу 24 позицияга артып, улуттук коопсуздугубуздун бекемделгенин күбөлөндүрүп турат”, – деди президент.
Белгилей кетсек, Бишкекте III Элдик курултай өтүүдө. Анын ишине 700дөй делегат катышууда.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
