Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандын делегациясы БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин жыл сайынгы Социалдык форумуна катышты.
КР ТИМден билдиришкендей, быйылкы иш-чара адам укуктарын илгерилетүү үчүн өнүгүүгө каржылоонун ролуна арналды.
“Өнүгүү максатындагы эл аралык кызматташтык” аттуу панелдик талкууда КР омбудсменинин орун басары Жаныбек Жоробаев сөз сүйлөп, өзгөчө курч социалдык маселелер боюнча инклюзивдүү диалогду камсыздоодо улуттук адам укуктары институттарынын байланыштыруу ролун белгиледи. Ал ушул контекстте Кыргыз Республикасынын Омбудсмен Аппаратынын жарандардын жана адамдын жекече укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана камсыздоо жаатындагы эл аралык кызматташтыкты эффективдүү илгерилетүү боюнча тажрыйбасы жана мыкты практикалары менен бөлүштү.
Ошондой эле Кыргызстанда 2040-жылга чейинки өнүгүүнүн Улуттук стратегиясы кабыл алынганы, жана ал БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына шайкеш келерин кошумчалады. Бул стратегияны ишке ашыруунун алкагында Омбудсмен Аппараты мамлекеттик жана укук коргоо органдары менен катар эл аралык өнөктөштөр жана уюмдар менен кызматташып, Жооп кайтаруу актыларын жана КРнын Жогорку Кеңешинин кароосуна сунушталган мыйзам долбоорлоруна корутундуларды жана комментарийлерди иштеп чыгууда.
“Тышкы карыз жана карыз туруктуулугу” сегментинде элчи Омар Султанов өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн карыз жүгүн жеңилдетүү жана эл аралык каржылык архитектураны реформалоонун зарылдыгы боюнча БУУнун Баш катчысынын позициясын Кыргызстандын принципиалдуу колдоосун баса белгиледи. Бул байланышта Кыргызстандын эл аралык аракеттерине, айрыкча Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаровдун “карызды жашыл демилгелерге алмаштыруу” механизми боюнча демилгесине көңүл бурду.
Улуттук делегациянын Социалдык форумга катышуусу Кыргызстандын ички жана тышкы саясатынын табигый уландысы болуп, өлкөнүн социалдык-экономикалык чакырыктарга каршы күрөшүүдөгү өкмөттүн аракеттерин чагылдырды.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
