2024-жылдын 10-14-декабрь күндөрү Кыргызстандын делегациясы, анын ичинде Жогорку Кеңештин депутаты, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жана Коомдук алдын алуу борборлорунун (КААБ) мүчөлөрү Франциянын Париж шаарына иш-сапар менен барышты.
Иш-сапардын негизги максаты – Франциянын полициясы менен калкынын ортосундагы кызматташтыгын жана укук бузуулардын алдын алуудагы ийгиликтүү ыкмаларын изилдеп, тажрыйба алмашуу болду.
Иш-чаранын алкагында делегациянын мүчөлөрү бир нече департаменттерге жана уюмдарга барып, Франция полициясынын коомчулук менен кызматташуу тажрыйбасын тереңирээк изилдешти.
Тажрыйба алмашуу иш-сапары Saferworld жана Эл аралык толеранттуулук фонду тарабынан «Милиция менен калктын ортосундагы социалдык кызматташтык» долбоору боюнча уюштурулуп, Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен өткөрүлдү.
Иш-чаранын жыйынтыгында, Париж полициясына жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирилип, Франциянын жана Кыргызстандын ички иштер органдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуу, ошондой эле кыргыз милициясы менен калк арасындагы эффективдүү кызматташтыкты өркүндөтүү боюнча маанилүү кадам катары белгиленди.
Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/
