КР элчиси Кореянын Импортчулар Ассоциациясынын атынан сыйлык алды - ИА Караван Инфо
КР элчиси Кореянын Импортчулар Ассоциациясынын атынан сыйлык алды

Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Кореянын Импортчулар Ассоциациясынын (KOIMA) 54 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Ассоциациянын Төрагасы Ким Бён Кван Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого жана өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн KOIMAнын сыйлыгын Элчи Аида Исмаиловага тапшырды.

Белгилей кетсек, тараптардын активдүү өз ара аракеттенүүсү маанилүү демилгелердин ишке ашуусуна шарт түздү. Ушул жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчилигинин иштеп чыгуусу менен Кореянын Импортчулар Ассоциациясынын төрагасы Ким Бён Квандын жетекчилиги астында Кыргызстанга корей импортчуларынын иш сапары уюштурулду. Бул сапардын алкагында «Кыргыз Экспорт» экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору менен биргеликте бизнес-форум өткөрүлүп, корей импортчулары менен кыргыз экспортчуларынын ортосунда В2В жолугушуулары уюштурулду.

Мындан тышкары, 2024-жылдын 2-декабрында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Корея Республикасына болгон расмий сапарынын алкагында «Кыргыз Экспорт» борбору менен Кореянын Импортчулар Ассоциациясынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул документ экспорт жана импорт чөйрөсүндөгү өнөктөштүк мамилелерди мындан ары тереңдетүү үчүн негиз түзөт.

Ақпарат көзі: сайт https://caravan-info.kg/

error: